# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 64 "Дары каражаттарынын атайын тизмегин жана медициналык буюмдардын тизмегин түзүүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 64 "Дары каражаттарынын атайын тизмегин жана медициналык буюмдардын тизмегин түзүүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12988>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2696/edition/931127/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12988.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 64 "Дары каражаттарынын атайын тизмегин жана медициналык буюмдардын тизмегин түзүүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтому (23.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12988

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-августундагы № 522 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 19-февралы № 64 Дары каражаттарынын атайын тизмегин жана медициналык буюмдардын тизмегин түзүүнүн айрым маселелери жөнүндө

"Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесин, "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Каттоосуз алып кирүүгө жана медициналык колдонууга убактылуу уруксат берилген дары каражаттарынын атайын тизмегин түзүү тартиби жана ага дары препараттарын киргизүү критерийлери 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын аймагына каттоосуз алып кирүүгө жана колдонууга уруксат берилген медициналык буюмдардын тизмегин түзүү жана ага медициналык буюмдарды киргизүү тартиби 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 22-февралында N 13 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
