# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 58 "Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 58 "Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12982>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2691/edition/931139/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12982.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 58 "Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому (19.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12982

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 19-февралы № 58 Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу

Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын бардык иштөө режимдеринде Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана аткаруу максатында, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Мамлекеттик уюмдар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын уюмдары жана ишканалары өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 113 "Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 238 "Жарандык коргонуу тармагындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 22-февралындагы N 13 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
