# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12970>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2681/edition/927048/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12970.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (15.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12970

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 15-февралы № 55 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Үрөнчүлүк, асыл тукум, тажрыйба-селекциялык, эксперименттик чарбаларга, сорт сыноо станцияларына жана участокторуна, айыл чарба кооперативдерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен жактырылган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жободо:

- 3-пунктунун экинчи абзацы "ижара акысын" деген сөздөрдөн мурун "ижарага алган жер участоктору боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;

- 23-пунктунда:

үчүнчү абзацы "ижара акысынын" деген сөздөрдөн мурун "жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын; жетинчи абзацы "ар бир лот боюнча" деген сөздөрдөн мурун "жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын; сегизинчи абзацы "ар бир лот боюнча" деген сөздөрдөн мурун "жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын; онунчу абзацы "ижара акысын" деген сөздөрдөн мурун "жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын; 85-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Ижарага алган жер участоктору боюнча ижара, салык төлөмдөрүн жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөшкөн, өз ишин максаттуу багыты боюнча жүргүзүшкөн үрөнчүлүк, асыл тукум, эксперименттик жана тажрыйба-селекциялык чарбалар, илимий-изилдөө мекемелери, сорт сыноо станциялары жана участоктору, айыл чарба кооперативдери келишимдин мөөнөтү аяктаганда жаңы мөөнөткө жер участогунун ижара келишимин конкурссуз, биринчи кезекте кайра түзүү укугуна ээ болушат.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

М.Абылгазиев
