# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 42 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ведомстволук карамагындагы мамлекеттик мекемелердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана талаптагыдай контролдоо менен координациялоону камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 42 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ведомстволук карамагындагы мамлекеттик мекемелердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана талаптагыдай контролдоо менен координациялоону камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 42
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12964>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2676/edition/963959/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12964.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 42 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ведомстволук карамагындагы мамлекеттик мекемелердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана талаптагыдай контролдоо менен координациялоону камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (30.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12964

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 5-февралы № 42 Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ведомстволук карамагындагы мамлекеттик мекемелердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана талаптагыдай контролдоо менен координациялоону камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 383 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ведомстволук карамагындагы мамлекеттик мекемелердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана талаптагыдай контролдоо менен координациялоону камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 524 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин мамлекеттик ишканаларын кайра өзгөртүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин мамлекеттик мекемелерге кайра өзгөртүлүп түзүлүүчү бассейндик жана райондук суу чарба башкармалыктарынын, суу сактагычтарынын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 27-29-пункттар менен толукталсын:

"

№

Уюмдардын аталышы

Уюштуруу-укуктук формасы

ОКПО коду

Кайра уюштуруудан кийинки уюмдардын аталышы

27

"Ысык-Көл бассейндик суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы

Мамлекеттик ишкана

20205017

"Ысык-Көл бассейндик суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси

28

"Ноокен райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы

Мамлекеттик ишкана

01051896

"Ноокен райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси

29

"Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы

Мамлекеттик ишкана

22016332

"Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси

".

2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 383 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-февралындагы N 10 жарыяланды

Премьер-министри

М. Абылгазиев
