Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы „Кыргыз туризм“ мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 30 апреля 2022 года № 247 "О ликвидации Государственного предприятия "Кыргыз туризм" при Министерстве культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-03-05.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 247 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 31-январы № 37 Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык
Туристтик чөйрөдө мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу жана мамлекеттик менчиктеги санаторийлик-курорттук уюмдардын объекттерин сарамжалдуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 79 токтомуна ылайык күчүн жоготту).
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги юстиция органдарында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасын белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен биргеликте:
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасын колдонуудагы ведомстволук объекттердин аянттарынын эсебинен акысыз пайдалануу келишиминин шартында, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жана эксплуатациялык чыгымдар үчүн төлөө менен жайгаштыруусун камсыздашсын;
- министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасынын чарбалык колдонуусуна өткөрүп бериле турган ишканалардын жана мейманканалык курорттук-рекреациялык чарбанын мүлктүк комплекстеринин тизмесин белгиленген тартипте даярдашсын;
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасынын уставдык капиталын калыптандыруу үчүн 2019-жылга акча каражаттарын белгиленген тартипте издеп тапсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 2-февралындагы N 9 жарыяланды
Премьер-министри
М.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 37 токтомуна "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Кыргыз туризм"…Устав · 31.01.2019 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 247 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу…Постановление · 30.04.2022 · № 247
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 03.05.2013 · № 236 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.04.2021 · № 128 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуПостановление · 01.04.2021 · № 128
- «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасын жоюу жөнүндө Министрлер Кабинетинин токтомуПостановление · 30.04.2022 · № 247
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 247 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу…Постановление · 30.04.2022 · № 247
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 5 марта 2021 года № 79 "О вопросах Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики"Постановление · 05.03.2021 · № 79 · Күчүн жоготкон