# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 26
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.01.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12948>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2664/edition/926026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12948.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.01.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө" токтому (28.01.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12948

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 28-январы № 26 Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 12-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айылдык кеңешинин 2017-жылдын 10-июнундагы № 8/13 токтомун, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-июнундагы № 11 токтомун, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 8-августундагы № 80 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2017-жылдын 29-августундагы № 554-б буйругун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жабыр тарткан жарандарды көчүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын № 289 контурунда жайгашкан Айыл чарба багытындагы жерлердин мамлекеттик фондуна караштуу 17,1 га кɵп жылдык бак-дарактар өскөн жерлер «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ɵзгөн районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

- жерди-эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
