# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12944>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2661/edition/1044822/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12944.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12944

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 31-январы № 33 Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-январындагы № 21, 2021-жылдын 18-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобонун 2022-жылдын 1-январына чейин колдонула тургандыгы белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-январындагы № 21, 2021-жылдын 18-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-мартындагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

М.Д. Абылгазиев
