# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 39 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 39 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12940>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2659/edition/925734/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12940.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 39 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому (05.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12940

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 5-февралы № 39 Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасында баалоо ишин либералдаштыруу, өркүндөтүү жана өнүктүрүү максатында, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2016-жылдын 26-декабрындагы № 23 чечими менен бекитилген Мүлктү баалоо боюнча кызмат көрсөтүү сектору боюнча либералдаштыруу планынын 3-пунктун аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында баалоо ишинин субъекттеринин реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы № 537 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигин өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигинин убактылуу эрежесинде:

- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасында баалоо ишинин субъекттеринин реестрин жүргүзүү Кыргыз Республикасында баалоо ишин өнүктүрүү жана жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат.".

3.Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-февралындагы N 10 жарыяланды

Премьер-министри

М. Абылгазиев
