# 9-статья. Эмгекти коргоо кызматы

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1293)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 1-августундагы № 167 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 167
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 июня 2026 года № 82 "Об охране труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 октября 2014 года № 149 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/205370)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1293#diff=732148..732149>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1239/edition/732147/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1293/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө, 9-статья (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-9

---

Кызматкерлеринин саны 50дөн ашкан өндүрүштүк иш жүргүзүүчү ар бир уюмда эмгекти коргоону жана өндүрүштүк санитария талаптарын сактоону, анын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууну камсыз кылуу максатында эмгекти коргоо кызматы түзүлөт же бул жаатында тиешелүү даярдыгы же иш тажрыйбасы бар эмгекти коргоо адисинин кызматы киргизилет. 50 жана андан кем кызматкерлери бар уюмдарда эмгекти коргоо кызматын түзүү же эмгекти коргоо боюнча адистин кызматын киргизүү, бул уюмдун өзгөчөлүгүн эсепке алуу менен иш берүүчү тарабынан кабыл алынат. Уюмда эмгекти коргоо кызматы (эмгекти коргоо боюнча адис) жок болгон учурда, иш берүүчү адистер же эмгекти коргоо жаатында кызмат көрсөтүүчү уюмдар менен келишим түзө алат. Уюмдагы эмгекти коргоо кызматынын түзүмү жана эмгекти коргоо кызматынын кызматкерлеринин саны иштегендердин санына, өндүрүштүн коркунучтуулугуна, зыяндуулук даражасына жана башка факторлорго жараша иш берүүчү тарабынан аныкталат. Эмгекти коргоо кызматы жөнүндө типтүү жобо жана эмгекти коргоо боюнча ишти уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (КР 2014-жылдын 31-октябрындагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-10)
