# 7-статья. Эмгекти коргоо талаптарына ылайык келген шарттарда кызматкерлердин эмгекке болгон укуктук кепилдиктери

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1293)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 1-августундагы № 167 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 167
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 июня 2026 года № 82 "Об охране труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июля 2016 года № 142 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/111423)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.07.2016 [Закон КР от 26 июля 2016 года № 142 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/111423); 31.10.2014 [Закон КР от 31 октября 2014 года № 149 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/205370)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1293#diff=732149..732150>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1239/edition/732147/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1293/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө, 7-статья (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-7

---

Мамлекет эмгекти коргоо талаптарына ылайык келген жана өндүрүштүк санитария шарттарында кызматкерлердин эмгекке болгон укугун коргоого кепилдик берет. Эмгек келишиминде каралган эмгек шарттары эмгекти коргоо боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Эмгекти коргоо талаптары кызматкердин күнөөсү боюнча эмес бузулушунун кесепетинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан иш токтотулган убакытка анын иш орду (кызматы) жана орточо эмгек акысы сакталат. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралгандан башка учурларда, кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч пайда болуудан улам, ал жумуш аткаруудан баш тартса, бул коркунуч четтетилгенге чейин иш берүүчү кызматкерге башка иш берүүгө милдеттүү. Эгерде объективдүү себептер боюнча башка иш берүү мүмкүн болбогон учурда, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык, кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна болгон коркунуч четтетилгенге чейинки токтоп туруу убактысына иш берүүчү тарабынан акы төлөнүп берилет. Кызматкер жекече же жамааттык коргонуу каражаттары (ченемдерге ылайык) менен камсыз болбогон учурда, иш берүүчү кызматкердин эмгек милдеттерин аткарууну талап кылууга укуксуз жана ушул себептерге байланыштуу токтоп калуу убактысы үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык акы төлөп берүүгө милдеттүү. Кызматкер, эмгекти коргоо талаптарынын бузулушунун болбосо эмгек келишиминде каралбаган эмгек шарттары оор жана зыяндуу же коркунучтуу иштерди аткаруунун кесепетинен анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч пайда болгон учурда иш аткаруудан баш тартса, бул учурда аны дисциплинардык жоопкерчиликке тартууга, болбосо иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузууга алып келбейт. Эмгек милдеттерин аткаруу мезгилинде кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келген учурда, келтирилген зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын эмгекти коргоо мыйзамдарынын бузулушун алдын-алуу жана четтетүү максатында мамлекет эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо жагын уюштурууну жана жүзөгө ашырууну камсыз кылат жана көрсөтүлгөн талаптарды бузгандык үчүн иш берүүчү менен кызмат адамдарынын жоопкерчилигин белгилейт. (КР 2014-жылдын 31-октябрындагы № 149, 2016-жылдын 26-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-8)
