6-статья. Кызматкерлердин эмгекти коргоо талаптарына ылайык келген шарттардагы эмгекке болгон укугу
Күчүн жоготкон · 05.06.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 5 июня 2026 года № 82.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июля 2016 года № 142
Ар бир кызматкер төмөнкүлөргө укуктуу:
- эмгекти коргоо талаптарына ылайык келген жумуш орунга;
- Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык өндүрүштөгү кырсыктардан жана кесиптик оорулардан милдеттүү социалдык камсыздандырууга;
- жумуш орунундагы эмгекти коргоо жана анын шарттары жөнүндө, ден соолукка зыян келүү тобокелдигинин орун алгандыгы тууралу, ошондой эле зыяндуу жана коркунучтуу өндүрүштүк факторлордун таасиринен коргонуу жайлары жөнүндө иш берүүчүдөн, тиешелүү мамлекеттик органдардан жана коомдук уюмдардан такталган маалымат алууга;
- кызматкерлердин эмгекти коргоо талаптарына ылайык жекече жана жамааттык коргонуу каражаттары менен иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен камсыз болууга;
- мыйзамда каралган учурлардан тышкары, эмгекти коргоо талаптарынын бузулушунун кесепетинен кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч пайда болгон учурда, мындай коркунуч четтетилгенге чейин жумушта иштөөдөн баш тартууга;
- эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук талаптарына ылайык келбегендиктин кесепетинен жумуш орду жоюлган учурда, иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен кесиптик даярдыктан кайра өтүүгө;
- өзүнүн жумуш ордундагы эмгектин шарттарын жана корголушун текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө суроо-талап берүүгө;
- эмгекти коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, иш берүүчүгө, иш берүүчүлөр бирикмелерине, ошондой эле кесиптик бирликтерге, алардын бирикмелерине жана кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органдарына кайрылууга;
- жеке катышууга же өзүнүн ишенимдүү адамдары аркылуу, анын жумуш ордунда коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга байланышкан маселелерди кароого, жана ал чалдыккан өндүрүштүк кырсыкты же кесиптик ооруну териштирүүгө катышууга;
- медициналык сунуштоолорго ылайык көрсөтүлгөн медициналык кароодон, жумуш орду (кызматы) жана орточо эмгек акысы сакталуу менен, кезексиз медициналык кароодон (текшерүүдөн) өтүүгө;
- эгерде ал эмгек шарттары оор жумуштарда жана эмгектин зыяндуу же кооптуу шарттарындагы жумуштарда иштесе, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында, жамааттык келишимде (макулдашууда), эмгек келишиминде белгиленген жеңилдиктерди жана компенсацияларды алууга.
(КР 2014-жылдын 31-октябрындагы № 149, 2016-жылдын 26-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 05.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 июля 2016 года № 142 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране труда"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 октября 2014 года № 149 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране труда"Редакцияларды салыштыруу
26.07.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…талаптарына ылайык келген жумуш орунга;
- Кыргыз Республикасынын кошулду: камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык өндүрүштөгү кырсыктардан жана кесиптик оорулардан … каражаттарынын эсебинен кесиптик даярдыктан кайра өтүүгө;
- алынып салынды: эмгекти коргоо чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын коомдук контролдоо органдары тарабынан өзүнүн жумуш алынып салынды: ордунда эмгек кошулду: ордундагы эмгектин шарттарын жана корголушун алынып салынды: текшерүүнүн жүрүшү кошулду: текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө алынып салынды: сурап билүүгө;
кошулду: суроо-талап берүүгө;
- эмгекти коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик … кароодон (текшерүүдөн) өтүүгө;
- эгерде ал эмгек шарттары оор кошулду: жумуштарда жана алынып салынды: катаал иштерде кошулду: эмгектин зыяндуу же алынып салынды: коркунучтуу кошулду: кооптуу шарттарындагы жумуштарда алынып салынды: иштеген учурда, кошулду: иштесе, Кыргыз Республикасынын кошулду: эмгек мыйзамдарында, жамааттык келишимде (макулдашууда), эмгек келишиминде алынып салынды: (контрактта) белгиленген жеңилдиктерди жана компенсацияларды алууга.
(КР 2014-жылдын 31-октябрындагы № алынып салынды: 149 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 149, 2016-жылдын 26-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1293/st-6" title="6-статья - Эмгекти коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>