# 4-статья. Эмгекти коргоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1293)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 1-августундагы № 167 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 167
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 июня 2026 года № 82 "Об охране труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июля 2016 года № 142 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/111423)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.07.2016 [Закон КР от 26 июля 2016 года № 142 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/111423); 17.04.2009 [Закон КР от 17 апреля 2009 года № 127 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об охране труда""](https://aqlex.ai/kg/doc/203135)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1293#diff=732149..732150>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1239/edition/732147/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1293/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө, 4-статья (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-4

---

Эмгекти коргоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:

- иш берүүчүнүн өндүрүштүк иштеринин натыйжасына жараша кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоо артыкчылыгын камсыздоо;

- Кыргыз Республикасынын эмгекти коргоо ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле эмгек шарттарын жакшыртуунун жана коргоонун республикалык жана аймактык максаттуу программаларын кабыл алуу жана ишке ашыруу;

- эмгекти коргоону мамлекеттик башкаруу;

- эмгекти коргоо жана өндүрүштүк санитария талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо;

- өндүрүштүк кырсыктарды жана кесиптик уулануу жана оору-сыркоолорду териштирүү;

- кызматкерлерди өндүрүштүк кырсыктан жана кесиптик оорулардан милдеттүү социалдык камсыздандыруунун негизинде, өндүрүштөгү кырсыктан жана кесиптик оорулардан жапа чеккен кызматкерлердин, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;

- өндүрүштүн учурдагы техникалык деңгээли жана эмгекти уюштуруу менен четтетүүгө болбогон оор, татаал жана зыяндуу же коркунучтуу эмгек шарттары үчүн компенсацияларды белгилөө;

- эмгекти коргоо жаатындагы иш-аракеттерди координациялоо;

- эмгек шарттарын жакшыртуу жана коргоо боюнча ата-мекендик жана чет мамлекеттик алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу;

- мамлекеттин эмгекти коргоо иш-чараларын каржылоого катышуусу;

- эмгекти коргоо боюнча адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;

- эмгек шарттары жөнүндө, өндүрүштүк жаракат алуулар, кесиптик ооруга чалдыгуулар тууралу жана алардын материалдык кесепеттери жөнүндө мамлекеттик статистикалык отчеттуулукту уюштуруу;

- эмгекти коргоонун бирдиктүү маалымат тутумунун иштөөсүн камсыз кылуу;

- эмгекти коргоо жаатындагы эл аралык кызматташтык;

- коопсуз эмгек шарттарын түзүүгө, коопсуз технологияларды жана техниканы иштеп чыгууга жана киргизүүгө, кызматкерлердин жекече жана жамааттык коргонуу каражаттарын өндүрүүгө дем берүүчү майнаптуу салык саясатын жүргүзүү;

- кызматкерлерди жекече жана жамааттык коргонуу каражаттары, ошондой эле санитардык-тиричилик жайлар жана курулуштар, дарылоо-профилактикалык каражаттар менен жумуш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен камсыз кылуу тартибин белгилөө.

Эмгекти коргоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, иш берүүчүлөрдүн, иш берүүчүлөр бирикмелеринин, ошондой эле кесиптик бирликтеринин, алардын бирикмелеринин жана эмгекти коргоо маселелери боюнча кызматкерлер ыйгарым укук берген дагы башка өкүлчүлүктүү органдарынын макулдашылган иш-аракеттери менен камсыз кылынат. (КР 2009-жылдын 17-апрелиндеги № 127, 2016-жылдын 26-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-5)
