# 3-статья. Эмгекти коргоонун талаптары

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1293)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 1-августундагы № 167 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 167
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 июня 2026 года № 82 "Об охране труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 октября 2014 года № 149 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/205370)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1293#diff=732148..732149>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1239/edition/732147/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1293/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө, 3-статья (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-3

---

Эмгек процессинде кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоого багытталган эрежелер, жол-жоболор жана критерийлер (мындан ары - эмгекти коргоо талабы) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Эмгекти коргоо талаптары ушул Мыйзамдын 2-статьясынын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн юридикалык жана жеке жактар тарабынан иштин кайсы түрү болбосун жүзөгө ашырууда, анын ичинде объекттерди долбоорлоодо, курууда, реконструкциялоодо жана пайдаланууда, машиналарды, механизмдерди жана башка жабдууларды конструкциялоодо, технологиялык процесстерди иштеп чыгууда, өндүрүштү жана эмгекти уюштурууда камсыз кылынат. (КР 2014-жылдын 31-октябрындагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-4)
