# 2-статья. Эмгекти коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана аны колдонуу чөйрөсү

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1293)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 1-августундагы № 167 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 167
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 июня 2026 года № 82 "Об охране труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 октября 2014 года № 149 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/205370)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1293#diff=732148..732149>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1239/edition/732147/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1293/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө, 2-статья (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-2

---

Эмгекти коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинен, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат. Ушул Мыйзамдын иш-аракети төмөнкүлөргө караштуу:

- иш берүүчүлөргө;

- иш берүүчүлөр менен эмгектик мамиледе турган кызматкерлерге;

- өздөрүнүн жеке эмгектик катышы аркылуу биргелешкен өндүрүштүк жана башка чарбалык иштерге катышкан кооперативдин мүчөлөрүнө;

- өндүрүштүк практиканы өтөп жаткан же курулуш, айыл чарба жана башка жумуштарга тартылышкан кесиптик жогорку жана орто билим берүү уюмдарынын студенттерине, кесиптик башталгыч жана орто билим берүү уюмдарынын жана жалпы орто, жалпы негизги билим берүүчү уюмдардын окуучуларына;

- бул уюмдардын кызматкери болуп саналбаган, майыптыктан кийин уюмга окууга же эмгектик реабилитациялоо максатында жиберилген адамдарга;

- коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн уюштурулуучу эмгек ишмердигинин башка түрүнүн катышуучуларына;

- уюмга иштөө үчүн жиберилген аскер кызматчыларына;

- соттун өкүмү боюнча жазасын уюмдарда иштеп өтөп жүргөн жарандарга;

- толугу менен же жарым-жартылай чет өлкөлүк юридикалык же жеке жактарга таандык жана Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан ишканаларда иштеп жатышкан Кыргыз Республикасынын жарандарына.

Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттерде жалданып иштеген жарандарына, иш берүүчү мамлекеттин эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдары, ал эми Кыргыз Республикасынын юрисдикциясында турган уюмдарда иштөөчү чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, - Кыргыз Республикасынын эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдары жайылтылат. Андан тышкары, аларга жана башкаларга да Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жоболору жайылтылат. (Төртүнчү бөлүк КР 2014-жылдын 31-октябрындагы № 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2014-жылдын 31-октябрындагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-11)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-3)
