# 19-статья. Эмгекти коргоого коомдук контроль

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1293)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 1-августундагы № 167 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 167
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 июня 2026 года № 82 "Об охране труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июля 2016 года № 142 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/111423)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.07.2016 [Закон КР от 26 июля 2016 года № 142 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/111423); 31.10.2014 [Закон КР от 31 октября 2014 года № 149 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/205370); 17.04.2009 [Закон КР от 17 апреля 2009 года № 127 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об охране труда""](https://aqlex.ai/kg/doc/203135)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1293#diff=732149..732150>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1239/edition/732147/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1293/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө, 19-статья (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-19

---

Эмгекти коргоо жаатындагы кызматкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун коомдук контролу, бул максаттарда техникалык эмгек инспекцияларын түзүүгө, ошондой эле кесиптик бирликтердин эмгекти коргоо боюнча ыйгарым укуктуу (ишенимдүү) адамдарын жана кызматкерлердин ыйгарым укуктуу башка өкүлчүлүктүү органдарын шайлоого укуктуу кесиптик бирликтер жана кызматкерлердин дагы башка өкүлчүлүктүү органдарынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат. Кесиптик бирликтердин аларга караштуу тиешелүү органдары жана кызматкерлердин дагы башка ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүү органдары төмөнкү укуктарга ээ:

- иш берүүчүлөр тарабынан эмгекти коргоо мыйзамдарынын сакталышына контролдукту жүзөгө ашырууга;

- эмгек шарттарын көз карандысыз экспертизадан өткөрүүгө жана уюмдун кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылууга;

- өндүрүштөгү кырсыктарды же кесиптик ооруларды териштирүүгө катышууга;

- эмгекти коргоо жана анын шарттары, ошондой эле өндүрүштөгү кырсыктар менен кесиптик оорулар жөнүндө уюмдун жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан маалымат алууга;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органга кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч болгон учурларда ишти токтотуп туруу жөнүндө сунуш киргизүүгө;

- иш берүүчүлөргө эмгекти коргоо талаптарынын бузулушун четтетүү жөнүндө кароого милдеттүү болгон сунуштамаларды берүүгө;

- эмгек шарттарын жана аны коргоону, иш берүүчүлөрдүн жамааттык келишимдерде жана макулдашууларда каралган милдеттеринин аткарылышын текшерүүнү жүзөгө ашырууга;

- өндүрүш объектилерин жана өндүрүш каражаттарын пайдаланууга берүү сыноолорунда жана кабыл алуу боюнча көз карандысыз эксперт катары комиссиянын ишине катышууга;

- эмгекти коргоо боюнча ченемдик укуктук актыларга караштуу долбоорлорду иштеп чыгууга катышууга, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте макулдашууга;

- тиешелүү органдарга эмгекти коргоо талаптарын бузган, өндүрүштөгү кырсыктарды жаап-жашырган күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө талаптар менен кайрылууга;

- эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарды, жамааттык келишимдерде жана макулдашууларда каралган милдеттерди бузууга, ошондой эле эмгек шарттарынын өзгөрүшүнө байланышкан эмгек талаш-тартыштарын кароого катышууга.

Кесиптик бирликтердин эмгекти коргоо боюнча ыйгарым укуктуу (ишенимдүү) адамдары жана башка ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүү органдарынын кызматкерлердин кесиптик бирикмелерине кирген уюмдарда эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын текшерүүгө жана эмгекти коргоо талаптарынын бузулушунун четтетүү жөнүндө кызмат адамдары тарабынан каралууга милдеттүү болгон сунуштарды киргизүүгө укуктуу. (КР 2009-жылдын 17-апрелиндеги № 127, 2014-жылдын 31-октябрындагы № 149, 2016-жылдын 26-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) V Глава Эмгекти коргоо талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-20)
