# 15-статья. Эмгекти коргоо боюнча окутуп-үйрөтүү жана кесиптик даярдык

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1293)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 1-августундагы № 167 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 167
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 июня 2026 года № 82 "Об охране труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1239/edition/732147/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1293/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө, 15-статья (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-15

---

Уюмдун бардык кызматкерлери, анын ичинде жетекчиси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталтан тартипте эмгекти коргоо боюнча окуудан жана эмгекти коргоо талаптары боюнча билимин текшерүүдөн өтүүгө милдеттүү. Бардык жумушка кирүүчү жактар, ошондой эле башка ишке которулуучу адамдар үчүн, иш берүүчү (же анын ыйгарым укуктуу өкүлү) эмгекти коргоо боюнча нускалоо жүргүзүүгө, иш аткаруунун коопсуз усулдары менен ыктарын жана жапа чеккендерге биринчи жардам көрсөтүүлөрдү окутуп-үйрөтүүнү уюштурууга милдеттүү. Иш берүүчү, эмгекти коргоо мыйзамдарына ылайык кесиптик тандоо талап кылынган эмгек шарттары зыяндуу жана коркунучтуу ишке кирүүчүлөр үчүн, жумуш орунунда иштин коопсуз усулдары менен ыктарын окутуп-үйрөтүүнү, стажировкадан өтүүнү жана экзамен тапшырууну, ал эми эмгек процессинин жүрүшүндө - эмгекти коргоо боюнча мезгил-мезгили менен окутуп-үйрөтүүнү жана эмгекти коргоо талаптары боюнча билимин текшерүүнү камсыз кылат. Мамлекет, жалпы башталгыч, жалпы негизги, жалпы орто билим берүү жана башталгыч, орто, жогорку жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү уюмдарында эмгекти коргоо боюнча окутууну уюштурууга көмөк көрсөтөт. Мамлекет орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарында эмгекти коргоо боюнча адистердин кесиптик даярдыгын камсыз кылат.

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-16)
