15-статья. Эмгекти коргоо боюнча окутуп-үйрөтүү жана кесиптик даярдык
Күчүн жоготкон · 05.06.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 5 июня 2026 года № 82.
Уюмдун бардык кызматкерлери, анын ичинде жетекчиси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталтан тартипте эмгекти коргоо боюнча окуудан жана эмгекти коргоо талаптары боюнча билимин текшерүүдөн өтүүгө милдеттүү. Бардык жумушка кирүүчү жактар, ошондой эле башка ишке которулуучу адамдар үчүн, иш берүүчү (же анын ыйгарым укуктуу өкүлү) эмгекти коргоо боюнча нускалоо жүргүзүүгө, иш аткаруунун коопсуз усулдары менен ыктарын жана жапа чеккендерге биринчи жардам көрсөтүүлөрдү окутуп-үйрөтүүнү уюштурууга милдеттүү. Иш берүүчү, эмгекти коргоо мыйзамдарына ылайык кесиптик тандоо талап кылынган эмгек шарттары зыяндуу жана коркунучтуу ишке кирүүчүлөр үчүн, жумуш орунунда иштин коопсуз усулдары менен ыктарын окутуп-үйрөтүүнү, стажировкадан өтүүнү жана экзамен тапшырууну, ал эми эмгек процессинин жүрүшүндө - эмгекти коргоо боюнча мезгил-мезгили менен окутуп-үйрөтүүнү жана эмгекти коргоо талаптары боюнча билимин текшерүүнү камсыз кылат. Мамлекет, жалпы башталгыч, жалпы негизги, жалпы орто билим берүү жана башталгыч, орто, жогорку жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү уюмдарында эмгекти коргоо боюнча окутууну уюштурууга көмөк көрсөтөт. Мамлекет орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарында эмгекти коргоо боюнча адистердин кесиптик даярдыгын камсыз кылат.
Берененин тексти 05.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1293/st-15" title="15-статья - Эмгекти коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>