# 13-статья. Өндүрүштүк объекттердин жана продукциянын техникалык жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келиши

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1293)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 1-августундагы № 167 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 167
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 июня 2026 года № 82 "Об охране труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июля 2016 года № 142 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/111423)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.07.2016 [Закон КР от 26 июля 2016 года № 142 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/111423); 31.10.2014 [Закон КР от 31 октября 2014 года № 149 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/205370)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1293#diff=732149..732150>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1239/edition/732147/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1293/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө, 13-статья (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-13

---

Өндүрүштүк объекттердин, ошондой эле машиналардын, механизмдердин жана башка өндүрүштүк жабдуулардын, технологиялык процесстердин курулуш жана реконструкциялоо долбоорлору эмгекти коргоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык келүүгө тийиш. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн долбоорлордун эмгекти коргоо талаптарынын долбоорлоруна ылайык келиши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органдын корутундусуз өндүрүштүк объекттерди курууга, реконструкциялоого, техникалык жактан кайра жабдууга, жаңы техниканы өндүрүүгө жана ишке киргизүүгө, жаңы технологияларды ишке киргизүүгө тыюу салынат. Жаңы же реконструкциялануучу өндүрүштүк обьекттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органдын корутундуларысыз пайдаланууга кабыл алынбайт. Өндүрүштө зыяндуу же коркунучтуу заттарды, материалдарды, продукцияларды, товарларды колдонууга жана тиешелүү техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык келбеген кызмат көрсөтүүлөргө тыюу салынат. Иш берүүчү жаңы, мурда уюмда пайдаланылбаган зыяндуу же коркунучтуу заттарды пайдаланган учурда, аталган заттарды пайдаланганга чейин кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоо боюнча чараларды иштеп чыгууга жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу орган менен макулдашууга милдеттүү. Машиналар, механизмдер жана башка өндүрүштүк жабдуулар, транспорттук каражаттар, технологиялык процесстер, материалдар жана химиялык заттар, кызматкерлердин жеке жана жамааттык коргонуу каражаттары, анын ичинде чет өлкөдө чыгарылгандары тиешелүү техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш. (КР 2014-жылдын 31-октябрындагы № 149, 2016-жылдын 26-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-14)
