# 12-статья. Кызматкердин эмгекти коргоо жаатындагы милдеттери

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1293)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 1-августундагы № 167 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 167
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 июня 2026 года № 82 "Об охране труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 октября 2014 года № 149 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/205370)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1293#diff=732148..732149>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1239/edition/732147/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1293/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө, 12-статья (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-12

---

Кызматкер төмөнкүлөргө милдеттүү:

- эмгекти коргоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоого;

- иш берүүчү тарабынан белгиленген Эмгектик ички тартип эрежелерин сактоого;

- жекече жана жамааттык коргонуу каражаттарын туура колдонууга;

- иштерди аткаруунун коопсуз усулдары менен ыктарын окуп-үйрөнүүгө, эмгекти коргоо боюнча нускоодон, жумуш орунунда стажировкадан жана эмгекти коргоо эрежелери жана ченемдери боюнча билимин текшерүүдөн өтүүгө;

- адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган кандай гана кырдаал болбосун, өндүрүштө болуп өткөн ар бир кырсык жөнүндө, же өзүнүн ден соолугунун начарлашы тууралу, анын ичинде кесиптик оорунун курч мүнөздөгү белгилеринин пайда болушу жөнүндө түздөн-түз өзүнүн же жогоруда турган жетекчисине ошол замат билдирүүгө;

- алдын-ала (ишке кирерде) же мезгилдүү (иштин жүрүшүндө) медициналык кароолордон (текшерүүлөрдөн) милдеттүү түрдө өтүүгө.

(КР 2014-жылдын 31-октябрындагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-10)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-13)
