# 1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1293)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 1-августундагы № 167 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 167
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 июня 2026 года № 82 "Об охране труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июля 2016 года № 142 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/111423)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.07.2016 [Закон КР от 26 июля 2016 года № 142 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/111423); 31.10.2014 [Закон КР от 31 октября 2014 года № 149 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/205370)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1293#diff=732149..732150>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1239/edition/732147/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1293/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө, 1-статья (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-1

---

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат: эмгекти коргоо - өзүнө укуктук, социалдык-экономикалык, уюштуруу-техникалык, санитардык-гигиеналык, дарылоо-профилактикалык, реабилитациялык жана башка чараларды камтуучу эмгек процессинин жүрүшүндө кызматкерлердин өмүрүн жака ден соолугун сактоо боюнча чаралардын тутуму; эмгек шарттары - кызматкердин эмгекке жарамдуулугуна жана ден соолугуна таасир берүүчү өндүрүштүк чөйрө менен эмгек процессиндеги факторлордун жыйындысы; зыяндуу өндүрүштүк фактор - кызматкердин оорууга дуушар болушуна же эмгекке жарамдуулугунун төмөндөшүнө таасир берүүчү өндүрүштүк фактор; коркунучтуу өндүрүштүк фактор - кызматкерди жаракатка же күтүүсүздөн ден соолугунун кескин начарлашына, өлүмгө дуушар кылуучу өндүрүштүк фактор; коопсуз эмгек шарттары - иштеп жаткандарга зыяндуу же коркунучтуу таасири жок болбосо таасир этүү деңгээли белгиленген ченемдек ашпаган эмгек шарттары; жумуш оруну - иштөөчүлөрдүн эмгек процессинде туруктуу же убактылуу орду; кызматкерлердин жекече жана жамааттык коргонуу каражаттары - кызматкерлерге зыяндуу же коркунучтуу өндүрүштүк факторлордун таасирин болтурбоо же азайтуу, ошондой эле булгануудан коргоо үчүн пайдаланылуучу техникалык каражаттар; кызматкердин жекече коргонуу каражаттары - кызматкердин дем алуу, угуу, көрүү органдарын жана терисинин сыртын жагымсыз факторлордун таасиринен коргоого багытталган каражаттар; кесиптик оору - кызматкердин өз эмгектик (кызматтык) милдеттүүлүктөрүн аткаруусуна байланыштуу зыяндуу өндүрүштүк факторлордун кызматкерге тийгизген таасиринен улам келип чыккан өнөкөт же катуу оору; кесиптик тобокелдик - өндүрүштүк чөйрө жана эмгек процессиндеги жагымсыз факторлордун кесепеттеринин натыйжасында ден соолукка зыян келтирүү мүмкүндүгүнүн өлчөмү; эмгек шарттары боюнча жумуш орундарын аттестациялоо - айкын жумуш орунундагы эмгек процессинде ден соолукту чыңдоочу иш-чараларды жүргүзүү же иштеген кызматкерлерге зыяндуу жана оор эмгек шарттары үчүн жеңилдиктер менен компенсацияларды берүү укугун тастыктоо же жокко чыгаруу үчүн адамдын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө таасир этүүчү өндүрүштүк чөйрө менен эмгек процессинин бардык факторлорунун эсебин алуу, талдоо жана комплекстүү баалоо тутуму; өндүрүштүк иш - керектүү эмгек куралдарын пайдалануу менен адамдардын өзүнө өндүрүштү жана ар түрдүү чийки заттарды кайра иштетүүнү, курулушту, ар кандай кызмат көрсөтүүнү камтыган ресурстарды даяр продукцияга айландыруу үчүн жасаган адамдардын иш-аракеттеринин жыйындысы; өндүрүштүк жаракат - кызматкердин, анын өндүрүштук ишине байланыштуу ордуна, убактысына жана кызматкердин катышуу даражасына карабастан, алган кандай болбосун жаракаты. (он бешинчи абзац КР 2016-жылдын 26-июлундагы № 142 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (он алтынчы абзац КР 2016-жылдын 26-июлундагы № 142 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) эмгек гигиенасы - кызматкерлердин ден соолугун сактоо, өндүрүштүк чөйрөнүн жана эмгек процессинин жагымсыз таасирлеринин алдын алуу боюнча санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы чаралардын жана каражаттардын комплекси; өндүрүштүк санитария - өндүрүштүк факторлордун кызматкерлерге тийгизген зыяндуу таасирине бөгөт коюучу же аны азайтуучу санитардык-гигиеналык уюштуруу иш-чараларынын жана техникалык каражаттардын системасы; атайын кийим - кызматкерди зыяндуу жана (же) кооптуу өндүрүштүк факторлордон коргоого арналган жекече коргоо каражаты, кийим, баш кийим, мээлей, бөлөк предметтер. (КР 2014-жылдын 31-октябрындагы № 149, 2016-жылдын 26-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1293/st-11)
