# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 23 токтомуна "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кадрларынын карамагындагы кызматкерлерди бошотуунун УБАКТЫЛУУ ТАРТИБИ"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 23 токтомуна "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кадрларынын карамагындагы кызматкерлерди бошотуунун УБАКТЫЛУУ ТАРТИБИ"
- Актынын түрү: Порядок
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12915>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/50-43/edition/1001746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12915.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 23 токтомуна "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кадрларынын карамагындагы кызматкерлерди бошотуунун УБАКТЫЛУУ ТАРТИБИ" (03.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12915

---

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 23 токтомуна

Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кадрларынын карамагындагы кызматкерлерди бошотуунун УБАКТЫЛУУ ТАРТИБИ

## 1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Убактылуу тартип Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кадрларынын карамагындагы кызматкерлерди бошотуунун шарттарын аныктайт.

2. Ушул Убактылуу тартип Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин аттестацияланган курамындагы кызматкерлерине жайылтылат.

3. Кызматкер кадрлардын карамагына "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкүдөй негиздер боюнча киргизилет:

1) уюштуруу-штаттык иш-чаралары өткөрүлсө;

2) жазык-аткаруу тутумунун органы же мекемеси жоюлса;

3) кызматкердин мурда ээлеген кызмат орду калыбына келтирилсе;

4) аны башка кызмат ордуна дайындоо мүмкүн болбосо;

5) Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин тартиптик уставына ылайык кызмат ордунан бошотулса;

6) башка укук коргоо органдарынан жана аскер түзүмдөрүнөн которулса;

7) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында кызмат өтөө, иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин.

## 2-глава. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кадрларынын карамагынан кызматкерлерди бошотуунун шарттары

4. Кызматкердин кадрлардын карамагында болуу мөөнөтү 4 айдан ашпоосу керек, мында анын ооруган же кезектеги жана кошумча өргүүдөгү мезгили эсептелбейт.

5. Кызматкерди кадрлар карамагына киргизүү жөнүндө буйрук кабарлоо журналына кол койдуруу менен жарыяланат, журналдын формасы жазык-аткаруу тутумунун борбордук органынын чечими менен аныкталат, андан кийин кызматкерге жогоруда аталган буйруктун көчүрмөсү берилет.

Кызматкер кабарлоо журналына кол коюудан баш тартса же жогоруда аталган буйрук менен таанышууга келбесе, жазык-аткаруу тутумунун борбордук органынын кадр кызматы акт түзөт, анын формасы жазык-аткаруу тутумунун борбордук органынын чечими менен аныкталат, анын көчүрмөсү кызматкердин жашаган жерине жөнөтүлөт.

6. Ушул Убактылуу тартиптин 5-пунктуна ылайык кадрлардын карамагына киргизүү жөнүндө буйрук менен кызматкерди тааныштыруу, ошол эле мезгилде ушул Убактылуу тартиптин 4-пунктунда белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин ал жазык-аткаруу тутумунун органдарынан бошотулаары жөнүндө кабарлоо болуп эсептелет.

7. Ушул Убактылуу тартиптин 4-пунктунда белгиленген мөөнөттүн ичинде жазык-аткаруу тутумунун борбордук органынын кадр кызматы кызматкерге кадрлардын карамагына киргизилгенге чейин ээлеп турган кызматына бирдей кызмат ордун эки жолу сунуштайт, ушул Убактылуу тартиптин 3-пунктунун 4-6-пунктчаларында каралган учурлардан тышкары.

Бирдей кызмат орду болбосо, кадрлардын карамагындагы кызматкерге төмөн турган кызмат орду сунушталышы мүмкүн. Кадрлардын карамагындагы кызматкердин сунушталган кызматтан ар бир жолку баш тартуусунда жазык-аткаруу тутумунун борбордук органынын кадр кызматы ага кызматтан бошотулаары тууралуу кабарлайт жана жазык-аткаруу тутумунун борбордук органынын чечими менен бекитилген формадагы акт түзөт, анын көчүрмөсү жогоруда аталган кызматкерге берилет.

8. Кызматкердин ушул Убактылуу тартиптин 7-пунктунда белгиленген, сунушталган кызматтардан баш тартуусу ушул Убактылуу тартиптин 4-пунктунда каралган мөөнөттөн ашык жазык-аткаруу тутумунун кадрларынын карамагында жүрүүсүнө негиз болуп эсептелбейт, аталган мөөнөт аяктагандан кийин жазык-аткаруу тутумунун борбордук органы жогоруда аталган кызматкерди бошотуу жөнүндө чечим кабыл алат.
