# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 367 "Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун багыттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 367 "Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун багыттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 16.01.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12897>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2644/edition/924972/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12897.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 367 "Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун багыттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (25.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12897

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 16-январы № 10 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 367 "Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун багыттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Токой ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 367 "Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун багыттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

3-пунктунун төртүнчү абзацындагы "2017-жылдын 31-декабрына чейин" деген сөздөр "2021-жылдын 30-сентябрына чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын кызматкерлерине сыйлыктын өлчөмүн эсептөөнүн жана дем берүү фондун түзүүнүн убактылуу тартибинде:

- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын фонду токой чарбасынын атайын эсебине түшкөн каражаттардын эсебинен түзүлөт.";

- 8-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- отчеттук квартал үчүн ушул Убактылуу тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттардын көлөмүнүн 30%ынан;".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
