Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-ноябрындагы № 659 „Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 10-январы № 8 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-ноябрындагы № 659 "Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу кызмат ордуна талапкерлерди тандоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-ноябрындагы № 659 "Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө жободо:
- 1.3-пунктунда:
экинчи абзацындагы "консулдук округдун" деген сөздөр "келген мамлекеттин" деген сөздөр менен алмаштырылсын; бешинчи абзацындагы "65" деген цифралар "75" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 2.2-пунктунун төртүнчү абзацындагы "консулдук патентти" деген сөздөр "ыйгарым укуктарын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2.4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 18-январындагы N 3 жарыяланды
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-ноябрындагы № 659 "Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 09.11.2000 · № 659
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон