# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 92 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 92 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 22.01.2019
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12885>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2635/edition/1277251/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12885.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 92 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12885

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 382 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 22-январы № 13 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 92 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын потенциалын натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 92 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө жободо:

- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Комиссияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсү, административдик ведомстволордун жетекчилери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилеринин орун басарлары башчылык кылат. Комиссиялардын төрагаларынын тизмеси (кызмат орду боюнча) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилет.";

- 16-пунктунун биринчи абзацы "жетекчиси" деген сөздөн кийин "(жетекчисинин орун басары)" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 25-январындагы N 5 жарыяланды

Премьер-министри

М. Абылгазиев
