# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 17 "Бюджеттик программалардын натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо жүргүзүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 17 "Бюджеттик программалардын натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо жүргүзүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12880>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2632/edition/1188678/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12880.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 17 "Бюджеттик программалардын натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо жүргүзүү тууралуу" токтому (01.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12880

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 436 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 28-январы № 17 Бюджеттик программалардын натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо жүргүзүү тууралуу

Бюджеттик программалардын натыйжалуулугун баалоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 87-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Бюджеттик программалардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетту берүүнүн тартиби, 1-тиркемеге ылайык;

- Бюджеттик программалардын натыйжалуулугун баалоонун тартиби, 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 1-февралындагы N 7 жарыяланды

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
