# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 654 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын атайын эсептеринин каражаттарына тиешелүү маселелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 654 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын атайын эсептеринин каражаттарына тиешелүү маселелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 654
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12861>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2616/edition/922546/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12861.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 654 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын атайын эсептеринин каражаттарына тиешелүү маселелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (31.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12861

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 31-декабры № 654 Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын атайын эсептеринин каражаттарына тиешелүү маселелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Бирдиктүү казыналык эсептин системасынан тышкары бюджеттик, атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 7-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 16-майындагы № 271 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын атайын каражаттары жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарын өнүктүрүү жана материалдык колдоо көрсөтүү фонду жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-ноябрындагы № 785 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 15-январындагы N 2 жарыяланды

Премьер-министри

М. Абылгазиев
