# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 661 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институту жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 661 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институту жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 661
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12852>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2611/edition/1053444/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12852.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 661 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институту жөнүндө" токтому (10.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12852

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 31-декабры № 661 Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институту жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 413 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылга иш-чаралар планынын 18-пунктуна, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институту Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин штаттык санынын жана эмгек акы төлөө фондунун алкагында түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институту жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.

3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институтун түзүү менен байланышкан уюштуруу-техникалык маселелерин белгиленген тартипте чечсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
