# 5-статья. Бирдиктүү төлөөчү тутумунун иштешинин финансылык негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1285)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-июлугндагы №159 "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 159
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах бюджетного законодательства, здравоохранения и обязательного медицинского страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230012378)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1285#diff=1029117..15840>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1285/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1231/edition/1029114/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1285/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө, 5-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1285/st-5

---

Бирдиктүү төлөөчү тутуму аймактык принцип боюнча иштейт. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна башкарууга өткөрүп берилет. Бирдиктүү төлөөчү берүүчү менен түзүлгөн келишимдердин негизинде бир каналдуу каржылоо жолу менен алардын кызмат көрсөтүүлөрүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан төлөөнү жүзөгө ашырат. Бирдиктүү төлөөчү тутумунда жарандарга көрсөтүлүүчү медициналык, алдын алуу жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу оңдоо коэффициенттерине түзөтүү менен төлөөнүн базалык ченемдеринен турат. Медициналык, алдын алуу жана фармацевтикалык кызматтарды төлөөнүн базалык ченемдери болжолдонуучу финансылык көрсөткүчтөрдү жана медициналык-санитардык жардамдын көлөмдөрүн эске алуу менен медициналык-санитардык жардамдын түрлөрү боюнча аныкталат. Бирдиктүү төлөөчү калктын тең төлөө каражаттары боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын отчетторунун негизинде жыйынды маалыматтарды түзөт жана аларды бириктирилген бюджетти түзүүдө пайдаланат. (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1285/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1285/st-6)
