5-статья. Бирдиктүү төлөөчү тутумунун иштешинин финансылык негиздери
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 августа 2024 года № 163
Бирдиктүү төлөөчү тутуму аймактык принцип боюнча иштейт. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна башкарууга өткөрүп берилет. Бирдиктүү төлөөчү берүүчү менен түзүлгөн келишимдердин негизинде бир каналдуу каржылоо жолу менен алардын кызмат көрсөтүүлөрүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан төлөөнү жүзөгө ашырат. Бирдиктүү төлөөчү тутумунда жарандарга көрсөтүлүүчү медициналык, алдын алуу жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу оңдоо коэффициенттерине түзөтүү менен төлөөнүн базалык ченемдеринен турат. Медициналык, алдын алуу жана фармацевтикалык кызматтарды төлөөнүн базалык ченемдери болжолдонуучу финансылык көрсөткүчтөрдү жана медициналык-санитардык жардамдын көлөмдөрүн эске алуу менен медициналык-санитардык жардамдын түрлөрү боюнча аныкталат. Бирдиктүү төлөөчү калктын тең төлөө каражаттары боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын отчетторунун негизинде жыйынды маалыматтарды түзөт жана аларды бириктирилген бюджетти түзүүдө пайдаланат. (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1285/st-5" title="5-статья - Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>