# 3-статья. Бирдиктүү төлөөчү тутумунун максаты жана негизги принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1285)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-июлугндагы №159 "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 159
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах бюджетного законодательства, здравоохранения и обязательного медицинского страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230012378)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1285#diff=1029117..15840>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1285/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1231/edition/1029114/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1285/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө, 3-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1285/st-3

---

Бирдиктүү төлөөчү тутумун киргизүүнүн максаты Мамлекеттик кепилдиктер программасынын аткарылышын жана саламаттык сактоодо каржылоо усулдарын өркүндөтүүнү ресурстук жактан камсыз кылуу үчүн саламаттык сактоо бюджетин бириктирүү болуп саналат. Бирдиктүү төлөөчү тутумунун негизги иштөө принциптери:

- милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык-санитардык жардамды алууда жарандар үчүн бирдей жетимдүүлүгү;

- берүүчүлөрдүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарына бирдей жетүүсү;

- Бирдиктүү төлөөчүнүн жана берүүчүнүн функцияларын аткаруучу органдардын ортосундагы келишимдик мамилелери;

- Мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашырууда берүүчүнүн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди (бааларды) түзүүнүн бирдиктүү усулдарын пайдалануусу;

- милдеттүү медициналык камсыздандыруу жана тең төлөө каражаттарын колдонууда берүүчүнүн финансылык өз алдынчалыгы.

Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы эсептешүү боюнча берүүчү тарабынан алынган милдеттүү медициналык камсыздандыруунун, калктын тең төлөө каражаттарына жана атайын каражаттарга салык салынбайт жана мамлекеттик бюджетке алынбайт. (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1285/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1285/st-4)
