# 2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар

- Документ: [Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1285)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-июлугндагы №159 "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 159
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах бюджетного законодательства, здравоохранения и обязательного медицинского страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230012378)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1285#diff=1029117..15840>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1285/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1231/edition/1029114/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1285/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө, 2-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1285/st-2

---

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:

1) Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) - саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, менчигинин түрүнө карабастан, саламаттык сактоо уюмдарында медициналык-санитардык жардам алууга жарандардын укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуучу жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн кепилденген көлөмү, түрлөрү жана шарттары;

2) дарылануу учурунун орточо наркы - ар бир камсыздандырылган оорулуунун дарыланышына багытталган милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын жана калктын тең төлөө каражаттарынын көлөмүн чагылдырган орточо эсептешүү көрсөткүчү;

3) киши башына карата ченем - түзөткүч коэффициенттерине түзөтүү киргизүү менен бир тейленүүчүгө же бекитилген милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган тургунга алгачкы жана адистештирилген медициналык-санитардык жардамды каржылоонун орточо эсептик көрсөткүчү;

4) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун бириктирилген бюджети - мамлекеттик бюджеттин, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун, тышкы карыздардын жана донорлордун гранттык жардамдарынын каражаттарынын, ошондой эле атайын казыналык эсептерде топтоштурулуучу каражаттардын, саламаттык сактоо тутумунда калктан кошумча төлөө катары алынган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын жыйындысы;

5) берүүчү - түзүлгөн келишимдердин негизинде бирдиктүү төлөөчү тутумунда медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү жеке же юридикалык жак;

6) милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу органы - саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмү.

(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1285/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1285/st-3)
