# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-декабрындагы № 635 "Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-декабрындагы № 635 "Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 635
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12846>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2608/edition/1182225/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12846.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-декабрындагы № 635 "Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (29.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12846

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 26-декабры № 635 Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө механизмин бекитүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 7-пунктунун бешинчи жана алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 656 "Мамлекеттик зайымдык каражаттарды бөлүүнүн, эсепке алуунун жана кайтарууну камсыз кылуунун тартиби жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 11-январындагы N 1 жарыяланды

Премьер-министри

М. Абылгазиев
