# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 644 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 "Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 644 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 "Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 644
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12840>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2602/edition/920942/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12840.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 644 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 "Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (31.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12840

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 31-декабры № 644 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 "Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине, "Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 "Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Электр энергиясын пайдалануу эрежелеринде:

- төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:

"6-1. Электр энергиясын келишимдеги кубаттуулуктан жогору берүүгө техникалык жактан эсептелбеген электр тармактарынын керектөөчүлөрү башка керектөөчүлөргө өздөрүнүн тармактары аркылуу электр энергиясын берүүгө укуксуз. Электр берүүчү жана электр менен жабдуучу уюмдар келишимдеги кубаттуулуктан жогору болгон керектөөчүлөрдүн электр орнотмолорун кошууга техникалык жактан эсептелбеген электр тармактары аркылуу керектөөчүлөргө электр энергиясын берүүгө укуксуз.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 11-январында N 1 жарыяланды

Премьер-министри

М. Абылгазиев
