# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 634 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курулуш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 634 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курулуш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 634
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12831>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2594/edition/1048453/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12831.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 634 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курулуш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (03.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12831

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 25-декабры № 634 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курулуш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 68 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 600 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүкчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти жөнүндө жободо:

- 1-пунктундагы "жана табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга көмөк көрсөтүү" деген сөздөр алып салынсын;

- 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 9-пунктунда:

үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Кыргыз Республикасында турак жай курулушун өнүктүрүү боюнча саясатты ишке ашыруу.";

- 10-пунктунун 2-пунктчасынын алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 28-декабрындагы N 106 жарыяланды

Премьер-министри

М.Абылгазиев
