Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 токтомунун редакциясына ылайык) 2018-жылдын 21-декабры № 602 Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу
Кылмыштарды жана жоруктарды эсепке алуунун мамлекеттик системасынын иштешин камсыздоо, мамлекеттик статистикалык байкоо формаларында кылмыштуулуктун абалы жөнүндө маалыматтарды бирдиктүү жана толук чагылдыруу, ошондой эле кылмыштарды жана жоруктарды мамлекеттик каттоонун жана эсепке алуунун бирдиктүү принцибин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 150-беренесинин талаптарына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү;
- кабыл алынган соттук чечимдер, кылмыштар жөнүндөгү жазык иштеринин жана жоруктар жөнүндөгү иштердин жүрүшү тууралуу маалымат менен өз ара алмашуу жаатында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Жобону ишке ашырууга багытталган чараларды көрүү сунушталсын.
4. Жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү, ошондой эле ыкчам-издөө ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары эки айлык мөөнөттө:
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтому Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарына тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чектеринде ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.
7. Жобону ишке ашыруу үчүн зарыл болгон эсепке алуу китеби, журналдар жана башка бланктык продукция ушул токтомдун 4-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар тарабынан даярдала тургандыгы белгиленсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (8)
- Порядок осуществления закупок товаров, работ и услуг, связанных с национальной обороной, национальной безопасностью, защитой государственной тайны и ликвидацией последствий…Порядок · 01.07.1998 · № 398
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-февралындагы № 46-б "Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө" буйрукуРаспоряжение · 18.02.2020 · № 46-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 "Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү…Постановление · 18.11.2022 · № 641
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 602 токтому менен бекитилген "Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО"Положение · 21.12.2018 · № 602
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-марты № 141 "Кылмыштардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 24.03.2025 · № 141
- Постановление Правительства КР от 1 июля 1998 года № 398 "Об утверждении порядка закупок товаров, работ и услуг, связанных с национальной обороной, национальной безопасностью…Постановление · 01.07.1998 · № 398 · Күчүн жоготкон
- КОММЕНТАРИЙ К УГОЛОВНО-ПРОЦЕССУАЛЬНОМУ КОДЕКСУ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ (ОСОБЕННАЯ ЧАСТЬ)Комментарий
- КР Министрлер Кабинетинин 24.03.2025-ж №141 токтомуПостановление · 24.03.2025 · № КМ №141
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 "Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү…Постановление · 18.11.2022 · № 641
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон