# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 608 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 608 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 608
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12816>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2582/edition/918688/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12816.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 608 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (25.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12816

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 25-декабры № 608 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Кыргыз транспорт инспекциясынын кызматкерлеринин форма кийимдери жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-декабрындагы № 809 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Кыргыз транспорт инспекциясынын кызматкерлеринин форма кийимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-апрелиндеги № 227 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 28-декабрындагы N 106 жарыяланды

Премьер-министри

М. Абылгазиев
