Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мамлекеттик катталууга тийиш болбогон тамак-аш продукцияларын өндүрүү (даярдоо) боюнча өндүрүштүк объекттердин реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 25-декабры № 614 Мамлекеттик катталууга тийиш болбогон тамак-аш продукцияларын өндүрүү (даярдоо) боюнча өндүрүштүк объекттердин реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө
Бажы союзунун комиссиясынын 2011-жылдын 9-декабрындагы № 880 чечими менен бекитилген "Тамак-аш продукцияларынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин (БС/ТР 021/2011) 37-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик катталууга тийиш болбогон тамак-аш продукцияларын өндүрүү (даярдоо) боюнча өндүрүштүк объекттердин реестрин жүргүзүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бажы союзунун комиссиясынын 2011-жылдын 9-декабрындагы № 880 чечими менен бекитилген "Тамак-аш продукцияларынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин (БС/ТР 021/2011) 32-беренесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик катталууга тийиш болгон өндүрүштүк объекттерден сырткары мамлекеттик катталууга тийиш болбогон тамак-аш продукцияларын өндүрүү (даярдоо) боюнча өндүрүштүк объекттердин реестрин жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 319 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жөнүндө жободо:
- 7-пунктунун "в" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик катталууга тийиш болбогон тамак-аш продукцияларын өндүрүү (даярдоо) боюнча өндүрүштүк объекттерди эсепке алат жана реестрин жүргүзөт;".
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 28-декабрында N 106 жарыяланды
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн…Положение · 10.06.2013 · № 319
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 614 токтомуна "Мамлекеттик катталууга тийиш болбогон тамак-аш продукцияларын өндүрүү (даярдоо) боюнча өндүрүштүк…Порядок · 25.12.2018 · № 614
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 319 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик…Постановление · 10.06.2013 · № 319
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон