# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-декабрындагы № 604 "Дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-декабрындагы № 604 "Дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 604
- Кабыл алынган күнү: 24.12.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12805>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2573/edition/1146108/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12805.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-декабрындагы № 604 "Дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө" токтому (24.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12805

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 24-декабры № 604 Дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө

Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн:

- 2019-жылдын 25-февралындагы дем алыш күнү 2019-жылдын 2-январындагы иш күнүнө;

- 2019-жылдын 8-апрелиндеги дем алыш күнү 2019-жылдын 3-январындагы иш күнүнө;

- 2019-жылдын 2-сентябрындагы дем алыш күнү 2019-жылдын 4-январындагы иш күнүнө;

- 2019-жылдын 6-майындагы дем алыш күнү 2019-жылдын 10-майындагы иш күнүнө которулсун.

2. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине:

- 2019-жылдын 25-февралындагы дем алыш күнүн 2019-жылдын 2-январындагы иш күнүнө;

- 2019-жылдын 8-апрелиндеги дем алыш күнүн 2019-жылдын 3-январындагы иш күнүнө;

- 2019-жылдын 2-сентябрындагы дем алыш күнүн 2019-жылдын 4-январындагы иш күнүнө;

- 2019-жылдын 6-майындагы дем алыш күнүн 2019-жылдын 10-майындагы иш күнүнө которуу сунушталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-февралындагы № 117 "Дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пунктунун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 2-пунктунун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 25-декабрындагы N 105 жарыяланды

Премьер-министри

М. Абылгазиев
