# 9-статья. Республикалык үч тараптуу комиссиянын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1280)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 25-июлундагы N 154 "Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 60 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О социальном партнерстве в области трудовых отношений в Кыргызской Республике""](https://aqlex.ai/kg/doc/112570)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1280#diff=1246112..1246113>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1280/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1226/edition/1246112/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1280/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө, 9-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1280/st-9

---

Республикалык үч тараптуу комиссиянын иш-милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүү жана башкы макулдашууну түзүү, бул макулдашуунун аткарылышынын жүрүшүнө контролдукту жүзөгө ашыруу;

- социалдык-эмгектик жана ага байланышкан экономикалык мамилелерди жөнгө салуу, Кыргыз Республикасында экономикалык кайра түзүүлөрдүн социалдык багыттагы саясатын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;

- жамааттык келишимдерди, аймактык, тармактык (тармактар аралык) макулдашууларды түзүүгө көмөк көрсөтүү, жер-жерлерде түзүлүүчү жумушчу органдары жана топтору аркылуу аларды иштеп чыгууга катышуу;

- аймактык, тармактын (тармактар аралык) макулдашууларды иштеп чыгуунун, түзүүнүн жана жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан пикир келишпестиктерди чечүү;

- Кыргыз Республикасында жамааттык эмгек талаш-тартыштарын (чыр-чатактардын) алдын алуу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу жана аларды жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;

- социалдык-эмгек маселелери жана алар менен байланышкан экономикалык мамилелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана талкуулоого катышуу;

- республикалык деңгээлде социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү.

Республикалык үч тараптуу комиссиянын компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:

- өзүнүн иш-милдеттерине кирген, мамлекеттик бийлик органдарынын, кесиптик бирликтердин жана алардын бирикмелеринин, иш берүүчүлөрдүн жана алардын бирикмелеринин кароосу үчүн милдеттүү болгон маселелер боюнча чечимдер кабыл алуу;

- башкы жана башка макулдашууларда, жамааттык келишимдерде (областтык, райондук жана жергиликтүү) каралган милдеттенмелерди тараптардын аткарышына контролдукту жүзөгө ашыруу;

- кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органынын талабы боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык социалдык өнөктөштүктүн акттарын аткарбаган уюмдун жетекчисин, анын орун басарларын тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;

- эл аралык тажрыйбаны үйрөнүү, социалдык өнөктөштүк жана социалдык-эмгектик мамилелер жаатындагы чет өлкөлүк тийиштүү уюмдар өткөрүүчү иш-чараларга катышуу, Республикалык үч тараптуу комиссиянын алкагында эл аралык эмгек ченемдерин ратификациялоого жана колдонууга байланышкан консультацияларды өткөрүү.

Республикалык үч тараптуу комиссиянын ишинин жүрүшүндө келип чыккан тараптар ортосундагы пикир келишпестиктер комиссия жөнүндө жободо каралган тартипте өз ара консультациялардын негизинде чечилет. (КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1280/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1280/st-10)
