Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
4-статья. Социалдык өнөктөштүктүн кошумча принциптери
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы
Социалдык өнөктөштүк Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негизги принциптерде түзүлөт. Социалдык өнөктөштүктүн кошумча принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) үч жактуулук (республикалык деңгээлде, тармактын жана кесиптин деңгээлинде кесиптик бирликтер менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы социалдык диалогго мамлекеттик бийлик органдарынын милдеттүү катышуусу);
2) социалдык өнөктөштүктү Эл аралык эмгек уюмунун конвенцияларында жана сунуштамаларында бекитилген эл аралык эмгек стандарттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизүүгө жана ишке ашырууга багыттоо;
3) социалдык өнөктөштөрдүн өз алдынчалыгы, анын ичинде өзүн-өзү уюштуруунун формаларын жана тартибин тандоонун, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү шайлоонун, ошондой эле аталган жол-жоболорго мамлекеттик бийлик органдарынын кийлигишүүсүнө жол бербөөнүн өз алдынчалыгы;
4) социалдык өнөктөштөрдүн теңдиги жана макулдашуулардын ыктыярдуу мүнөзү;
5) социалдык өнөктөштөрдүн ак ниеттүүлүгү, анын ичинде бири-биринин сүйлөшүү позициясын бузууга жана баркын түшүрүүгө жол берилбестик, социалдык диалогдун тараптарынын толук өз ара маалымдалышы, коом же бардык кызматкерлер үчүн маанилүү болгон маселелердин ачык-айкындуулугу, социалдык өнөктөштөрдүн аракеттеринин алардын билдирген максаттарына шайкештиги, сүйлөшүүлөрдү баштоодон, улантуудан же консенсуска жетишилген шарттарда макулдашуу түзүүдөн качууга, этибар албоого жана/же баш тартууга жол берилбестик, социалдык өнөктөштөрдүн ортосунда макулдашууларды түзүүдө кызматкерлердин мыйзамдуу эмгек укуктарын жана кепилдиктерин чектөөгө жол берилбестик;
6) социалдык өнөктөштүктүн бардык деңгээлдеринде социалдык өнөктөштөрдүн ишинин ачык-айкындуулугу, республикалык, тармактык жана аймактык деңгээлдерде кабыл алынган чечимдердин жана кол коюлган макулдашуулардын тексттерин, кол коюлган макулдашуулардын ишке кириши менен кызматкерлерди камтуу жөнүндө маалыматтарды жарыялоонун милдеттүүлүгү;
7) социалдык өнөктөштүктүн бардык деңгээлдеринде макулдашууларды түзүүдө колдонуудагы эмгек мыйзамдарына салыштырмалуу социалдык-эмгек стандарттарын колдоонун же жогорулатуунун артыкчылыгы;
8) макулдашуулардын аткарылышынын милдеттүүлүгү жана кабыл алынган милдеттенмелерден бир тараптуу баш тартууга жол берилбестик, макулдашууларды бузгандарга карата социалдык өнөктөштөрдүн таасир этүү чараларынын шайкештиги жана адекваттуулугу;
9) бардык деңгээлдердеги социалдык өнөктөштүктө кызматкерлердин кызыкчылыктарын билдирүүчү адамдарга карата басмырлоого жана зомбулукка жол берилбестик;
10) иш берүүчүлөрдүн социалдык жоопкерчилиги;
11) Кыргыз Республикасында социалдык өнөктөштүк жана социалдык диалог үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө мамлекеттин жоопкерчилиги.
(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1280/st-4" title="4-статья - Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>