27-статья. Макулдашуулардын, жамааттык келишимдердин тараптарынын жоопкерчилиги
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы
Өзүнө алган милдеттенмелерин бузган же аларды аткарбаган макулдашуулардын, жамааттык келишимдердин тараптары Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында, макулдашууларда жана жамааттык келишимдерде каралган жоопкерчилик тартышат. Мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, иш берүүчү (иш берүүчүлөр) катары чыккан адамдар, иш милдетине түзүлгөн макулдашуунун, жамааттык келишимдин аткарышын камсыз кылуу кирген кесиптик бирликтин жетекчи органдарынын кызматкерлери макулдашуу, жамааттык келишим боюнча милдеттенмелерди бузгандыгы же аткарбагандыгы үчүн тартиптик жоопкерчиликке тартылышат. Тарап (тараптар), ошондой эле социалдык өнөктөштүк тутумунун тиешелүү органы аталган адамдарды тартиптик жоопкерчиликке тартуу тууралу компетенциясына тиешелүү чечим кабыл алуу кирген органдарга (адамдарга) талап жиберүүгө укуктуу. Коюлган талап келип түшкөндөн кийин отуз календардык күн ичинде каралууга тийиш, ушул мөөнөттө тарап (тараптар) социалдык өнөктөштүк тутумунун тиешелүү органына көрүлгөн чаралар же аны канааттандыруудан баш тартууга негиз болгон себептер тууралу жооп кайтарылышы керек. Эгерде бул жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбесе, макулдашуунун, жамааттык келишимдин тараптары макулдашуу, жамааттык келишим боюнча милдеттенмелерди бузгандыгы, аткарбагандыгы үчүн өз ара макулдашып, жоопкерчилик белгилөөгө укуктуу. Мындай жоопкерчиликтин чараларын тараптарга карата колдонуунун шарттары жана тартиби макулдашууда, жамааттык келишимде же макулдашууну, жамааттык келишимди аткарууну көздөп кабыл алынуучу башка документтерде алдын ала каралат. Келишимдик жоопкерчиликтин алкагында макулдашуунун, жамааттык келишимдин тараптары социалдык өнөктөштүк тутумунун органына макулдашылган жоопкерчилик чараларын (санкцияларды) колдонуу боюнча ыйгарым укуктарды берүүгө, ошонун ичинде макулдашууларды, жамааттык келишимдерди аткарбагандыгы же өз убагында аткарбагандыгы үчүн акчалай төлөтүүгө укуктуу. Жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечим социалдык өнөктөштүк тутумунун тиешелүү органы тарабынан ушул орган тууралу жободо аныкталган тартипте кабыл алынат жана протоколдо жол-жоболоштурулат. Эгерде макулдашууга, жамааттык келишимге тараптын (тараптардын) мүлктүк милдеттенмелери киргизилсе, анда бул милдеттенмелердин аткарылганы же талаптагыдай эмес аткарылганы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык келтирилет. Жаматтык келишимдеги макулдашуунун башка тарабы (тараптары) келип чыккан талаш-тартышты кароонун башка тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаса, сот тартибинде мүлктүк милдеттенмелерди мажбурлоо жолу менен аткартууну талап кылууга укуктуу. (КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 60 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О социальном партнерстве в области трудовых отношений в Кыргызской Республике""Редакцияларды салыштыруу
17.03.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жамааттык келишимдердин тараптары Кыргыз Республикасынын алынып салынды: мыйзамдарына ылайык кошулду: эмгек мыйзамдарында, макулдашууларда жана жамааттык келишимдерде каралган жоопкерчилик тартышат.
Мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын, … мажбурлоо жолу менен аткартууну талап кылууга укуктуу.
кошулду: (КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1280/st-27" title="27-статья - Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>