Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
221-статья. Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тартиби
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 января 2025 года № 24
Жамааттык сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу маселелерин кароону тандоодо эркин болушат. Уюмда эки же андан ашык баштапкы кесиптик бирликтин уюмдары же кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органы болгон учурда, алар тарабынан жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жамааттык келишимдин бирдиктүү долбоорун иштеп чыгуу жана аны түзүү үчүн бирдиктүү өкүлчүлүктүү орган түзүлөт. Бирдиктүү өкүлчүлүктүү органды түзүү кесиптик бирликтин жана башка өкүлчүлүктүү органдын мүчөлөрүнүн санына жараша пропорционалдуу өкүлчүлүк принцибинин негизинде жүзөгө ашырылат. Мында кызматкерлердин ар бир өкүлчүлүктүү органы көрсөтүлүүгө тийиш. Эгерде жамааттык сүйлөшүүлөр башталган учурдан тартып 5 календардык күндүн ичинде бирдиктүү өкүлчүлүктүү орган түзүлбөсө, анда бардык кызматкерлердин кызыкчылыктарына өкүлчүлүктү уюмдун кызматкерлеринин жарымынан көбүн бириктирген кызматкерлердин баштапкы өкүлчүлүктүү органы жүзөгө ашыра алат. Эгерде уюмдун кызматкерлеринин баштапкы өкүлчүлүктүү органдарынын бири да кызматкерлердин жарымынан көбүн бириктирбесе, анда кызматкерлердин жалпы чогулушу (конференциясы) жашыруун добуш берүү менен өкүлчүлүктүү органды түзүү тапшырылган уюмдун баштапкы өкүлчүлүктүү органын аныктайт. Ушул статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө каралган учурларда башка баштапкы кесиптик бирликтин уюмдарында жамааттык келишимге кол коюлганга чейин өкүлчүлүктүү органдын курамына өз өкүлдөрүн жиберүү укугу сакталат. Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, республиканын, тармактын, аймактын деңгээлинде кызматкерлердин атынан макулдашууларга кол коюуга тиешелүү кесиптик бирликтерге (кесиптик бирликтин бирикмелерине) укук берилет. Тиешелүү деңгээлдеги бир нече кесиптик бирликтер (кесиптик бирликтердин бирикмелери) бар болгон учурда, алардын ар бирине кесиптик бирликтин сунушталган мүчөлөрүнүн санын эске алуу менен түзүлүүчү бирдиктүү өкүлчүлүктүү органдын курамына өкүлчүлүк кылуу укугу берилет. Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн бирдиктүү өкүлчүлүктүү органды түзүү жөнүндө макулдашуу жок болгон учурда, аларды жүргүзүү укугу кесиптик бирликтин (кесиптик бирликтердин) мүчөлөрүнүн эң көп санын бириктирген кесиптик бирликке (кесиптик бирликтердин бирикмесине) берилет. Тараптар жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн тиешелүү суроо-талапты алган күндөн тартып 2 жумадан кечиктирбестен, өздөрүндөгү зарыл болгон маалыматтарды бири-бирине берүүгө тийиш. Жамааттык сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары, жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен байланышкан башка адамдар, эгерде алар мыйзам менен корголуучу жашыруун сырга (мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык жана башка) тиешелүү болсо, алынган маалыматтарды ачыкка чыгарбоого тийиш. Көрсөтүлгөн маалыматтарды ачыкка чыгарган адамдар мыйзамдарда белгиленген тартипте тартиптик, административдик, жарандык-укуктук, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат. Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мөөнөтү, орду жана тартиби көрсөтүлгөн сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары болуп саналган тараптардын өкүлдөрү тарабынан аныкталат. Жамааттык келишимди, макулдашууну түзүү же өзгөртүү боюнча жамааттык сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө келип чыккан пикир келишпестиктерди жөнгө салуу ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
(КР 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1280/st-221" title="221-статья - Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>