# 21-статья. Макулдашуунун аткарылышын камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1280)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 25-июлундагы N 154 "Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1280/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1226/edition/1246112/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1280/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө, 21-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1280/st-21

---

Макулдашууну аткаруу жана жаңы макулдашууну даярдоо социалдык өнөктөштүктүн тараптары жана социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча тиешелүү комиссия тарабынан камсыз кылынат. Социалдык өнөктөштүктүн тараптары макулдашууну жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планын макулдашууда шартталган мөөнөттө иштеп чыгышат. Социалдык өнөктөштүк тараптары макулдашуунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндөгү маселени жарым жылдыктын жыйынтыктары же комиссиянын чечими боюнча карайт. Макулдашууну аткаруунун натыйжалары (баяндама түрүндө) макулдашуунун тараптары аныктагандай массалык маалымат каражаттарында жарыяланат. Макулдашууда камтылган шарттар жөнгө салуунун жүйөсүнө тиешелүү Кыргыз Республикасынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, ушул макулдашууну кабыл алуу учурунда эсепке алынат. Макулдашууларды түзүү, өзгөртүү жана бюджеттик каржылоону талап кылуучу толуктоолорду киргизүү макулдашуунун иш-аракетинин мөөнөтүнө карата тиешелүү финансы жылына бюджеттин долбоорун даярдоодо тараптар жүзөгө ашырууга тийиш. Башка учурда мамлекеттик аймактык аткаруу органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары макулдашуунун аткарылышын каржылоону камсыз кылыш үчүн тиешелүү деңгээлдеги бюджетке түзөтүүлөрү кабыл алуу жагынан демилге көтөрөт. Финансы жылына карата тиешелүү бюджетти кабыл алуу боюнча тараптардын макулдашылган чечими макулдашууга атайын тиркеме катары жол-жоболоштурулат. Учурдагы финансы жылына макулдашуунун тиешелүү шарттарын каржылоо толук камсыз кылынбаса, макулдашуунун тарабы болуп эсептелген кызматкерлердин өкүлдөрү учурдагы финансы жылына карата макулдашууну өзгөртүү тууралу талаптарды коюуга укугу бар.

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1280/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1280/st-22)
