# 2-статья. Эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүктүн укуктук негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1280)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 25-июлундагы N 154 "Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 60 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О социальном партнерстве в области трудовых отношений в Кыргызской Республике""](https://aqlex.ai/kg/doc/112570)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1280#diff=1246112..1246113>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1280/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1226/edition/1246112/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1280/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө, 2-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1280/st-2

---

Эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүктүн (мындан ары - социалдык өнөктөштүк) укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, "Кесиптик бирликтер жөнүндө", "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Иш берүүчүлөрдүн бирикмелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Мыйзам жана социалдык өнөктөштүктүн тараптарынын жана алардын өкүлдөрүнүн абалын эл аралык ченемдерге салыштырмалуу начарлата албаган башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык түзүлгөн башкы макулдашуу. тармактык жана аймактык макулдашуулар, жамааттык келишимдер түзөт. (КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1280/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1280/st-3)
