# 18-статья. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, макулдашууларды иштеп чыгуу жана түзүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1280)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 25-июлундагы N 154 "Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1280#diff=1246113..25308>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1280/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1226/edition/1246112/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1280/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө, 18-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1280/st-18

---

Келишимдин предмети жана аларды түзүүнүн мөөнөттөрү боюнча ар кандай деңгээлдеги макулдашуулардын төмөнкүдөй өз ара байланышы белгиленет, мында түзүү мөөнөттөрү боюнча башкы макулдашуу социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө карата жалпы принциптерди жана мамилелерди аныктоочу катары алдыда болууга тийиш, калган макулдашуулар тиешелүү деңгээлдери боюнча эки айдан ашпаган аралыкта түзүлүшү мүмкүн. Макулдашуунун мазмуну жана түзүмү тараптардын өкүлдөрүнүн өз ара макулдашуусу боюнча аныкталат. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби, макулдашууларды иштеп чыгуунун жана түзүүнүн мөөнөттөрү, аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, аларга кошулуу тартиби комиссиялардын чечимдери менен бекитилет. Макулдашууларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тараптардын өз ара макулдугу боюнча жүргүзүлөт. Эгерде макулдашуунун өзүндө башкача каралбаса, макулдашуу тараптар ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет. Макулдашууну колдонуу мөөнөтү, анын аткарылышын контролдоо тартиби жана жаңы макулдашууну түзүү мөөнөттөрү макулдашуудагы тараптар тарабынан аныкталат. Башкы, тармактык жана аймактык макулдашууларды жактыруу тиешелүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана макулдашуунун тараптарынын бири жайгашкан жери боюнча жергиликтүү аймактык органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1280/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1280/st-19)
