18-статья. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, макулдашууларды иштеп чыгуу жана түзүү тартиби
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 января 2025 года № 24
Келишимдин предмети жана аларды түзүүнүн мөөнөттөрү боюнча ар кандай деңгээлдеги макулдашуулардын төмөнкүдөй өз ара байланышы белгиленет, мында түзүү мөөнөттөрү боюнча башкы макулдашуу социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө карата жалпы принциптерди жана мамилелерди аныктоочу катары алдыда болууга тийиш, калган макулдашуулар тиешелүү деңгээлдери боюнча эки айдан ашпаган аралыкта түзүлүшү мүмкүн. Макулдашуунун мазмуну жана түзүмү тараптардын өкүлдөрүнүн өз ара макулдашуусу боюнча аныкталат. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби, макулдашууларды иштеп чыгуунун жана түзүүнүн мөөнөттөрү, аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, аларга кошулуу тартиби комиссиялардын чечимдери менен бекитилет. Макулдашууларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тараптардын өз ара макулдугу боюнча жүргүзүлөт. Эгерде макулдашуунун өзүндө башкача каралбаса, макулдашуу тараптар ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет. Макулдашууну колдонуу мөөнөтү, анын аткарылышын контролдоо тартиби жана жаңы макулдашууну түзүү мөөнөттөрү макулдашуудагы тараптар тарабынан аныкталат. Башкы, тармактык жана аймактык макулдашууларды жактыруу тиешелүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана макулдашуунун тараптарынын бири жайгашкан жери боюнча жергиликтүү аймактык органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1280/st-18" title="18-статья - Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>