16-статья. Макулдашуулардын түрлөрү
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы
Жөнгө салынуучу социалдык-эмгек мамилелери чөйрөсүнө жараша эмгек мыйзамдарына ылайык башкы, тармактык (тармактар аралык), аймактык жана башка макулдашуулар түзүлүшү мүмкүн. (КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 60 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О социальном партнерстве в области трудовых отношений в Кыргызской Республике""Редакцияларды салыштыруу
17.03.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Макулдашуулар кошулду: Макулдашуулардын түрлөрү
Жөнгө салынуучу социалдык-эмгек мамилелери чөйрөсүнө жараша эмгек мыйзамдарына ылайык башкы, тармактык (тармактар аралык), аймактык жана алынып салынды: анын түрлөрү
Башкы макулдашуу - Кыргыз Республикасында социалдык-эмгектик жана алар менен байланышкан экономикалык мамилелерди жөнгө салуунун жалпы принциптерин белгилөөчү, тармактык жана аймактык макулдашууларды жана жамааттык келишимдерди түзүү учурунда эсепке алынуучу укуктук акт.
Башкы макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, республикалык иш берүүчүлөрдүн бирикмелери менен Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн негизинде тиешелүү мезгилге мамлекеттик бюджет бекитилгенге чейин иштелип чыгат жана түзүлөт.
Тармактык макулдашуу - кат жүзүндөгү келишим түрүндө жол-жоболоштурулган, айкын тармактын кызматчылары үчүн эмгек акы төлөөнүн жалпы шарттары, эмгек кепилдиктери жана жеңилдиктер боюнча тараптардын өз ара милдеттенмесин аныктоочу жана аймактык кошулду: башка макулдашуулар алынып салынды: менен жамааттык келишимдерди түзүү учурунда эске алынуучу укуктук акт.
Тармактык макулдашуу тиешелүү мамлекеттик аткаруу органдары менен иш берүүчүлөрдүн жана кызматчылардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн негизинде иштелип чыгат жана түзүлөт.
Аймактык макулдашуу - кат жүзүндөгү келишим түрүндө жол-жоболоштурулган, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагындагы эмгектин жалпы шарттарын, эмгек кепилдиктерин жана жеңилдиктерин жөнгө салуучу, бардык тараптар үчүн милдеттүү жана жамааттык келишимди түзүү учурунда эске алынуучу укуктук акт.
Аймактык макулдашуу жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары иш берүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин бирикмелеринин ортосунда аймактык деңгээлдеги (область, шаар, район) сүйлөшүүлөрдүн негизинде иштелип чыгат жана түзүлөт.
Жамааттык сүйлөшүүлөргө катышкан тараптардын макулдугу боюнча түзүлгөн макулдашуу эки тараптуу жана үч тараптуу болушу кошулду: түзүлүшү мүмкүн.
алынып салынды: Макулдашуулардын күчү тиешелүү мамлекеттик аткаруу органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, сүйлөшүүлөрдө анын атынан ушул макулдашууларды иштеп чыгууга жана түзүүгө ыйгарым укук берилген иш берүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин тараптарынын тиешелүү өкүлдөрүнө, ошондой эле мамлекеттик аткаруу органдарына, макулдашуу түзүлгөндөн кийин ага кошулуучу иш берүүчүлөргө жана кызматкерлерге жайылтылат.
Кызматчыларга бир эле учурда бир нече макулдашуунун күчү жайылтыла турган болсо, кызматкерлер үчүн кыйла оңтойлуу макулдашуунун шарттары колдонулат.кошулду: (КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1280/st-16" title="16-статья - Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>