Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
142-статья. Кызматкерлердин өкүлдөрү
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 января 2025 года № 24
Ушул Мыйзамда каралган учурларда кызматкерлер тарабынан шайланган кесиптик бирликтер жана алардын бирикмелери, башка өкүлдөр социалдык өнөктөштүктөгү кызматкерлердин өкүлдөрү болуп саналат. Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, жамааттык келишим түзүүдө жана өзгөртүүдө, анын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууда, кызматкерлердин иш берүүчү менен эмгек талаш-тартыштарын кароодо кызматкерлердин кызыкчылыктарын баштапкы кесиптик бирликтин уюму же кызматкерлер тарабынан шайланган башка өкүлдөр көрсөтөт. Макулдашууларды түзүү жана өзгөртүү жөнүндө жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, макулдашууларды түзүү же өзгөртүү боюнча жамааттык эмгек талаш-тартыштарды чечүүдө, алардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууда, ошондой эле социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча комиссияларды түзүүдө жана ишин жүзөгө ашырууда кызматкерлердин кызыкчылыктарын тиешелүү кесиптик бирликтер, алардын аймактык уюмдары, кесиптик бирликтердин бирикмелери жана кесиптик бирликтердин аймактык уюмдарынын бирикмелери көрсөтөт. Иш берүүчүлөр, мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялар тарабынан түзүлгөн же каржылануучу органдар тарабынан кызматкерлердин кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылууга жол берилбейт. Кесиптик бирликтер уюмдун кызматкерлеринин кызыкчылыктарын анын башкаруу органдары (башкармалыгы, директорлор кеңеши, байкоочу кеңеш) аркылуу көрсөтүүгө укуктуу. Кесиптик бирликтердин мүчөлөрү болуп саналбаган кызматкерлер иш берүүчү менен өз ара мамилелерде баштапкы кесиптик бирлик уюмунун органына алардын кызыкчылыктарын көрсөтүүгө келишимдик шарттарда ыйгарым укук берүүгө укуктуу.
(КР 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"Редакцияларды салыштыруу
23.01.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
кошулду: Кызматкерлердин өкүлдөрү Ушул Мыйзамда каралган учурларда кызматкерлер тарабынан шайланган кесиптик бирликтер жана алардын бирикмелери, башка өкүлдөр социалдык өнөктөштүктөгү кызматкерлердин өкүлдөрү болуп саналат. Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, жамааттык келишим түзүүдө жана өзгөртүүдө, анын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууда, кызматкерлердин иш берүүчү менен эмгек талаш-тартыштарын кароодо кызматкерлердин кызыкчылыктарын баштапкы кесиптик бирликтин уюму же кызматкерлер тарабынан шайланган башка өкүлдөр көрсөтөт. Макулдашууларды түзүү жана өзгөртүү жөнүндө жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, макулдашууларды түзүү же өзгөртүү боюнча жамааттык эмгек талаш-тартыштарды чечүүдө, алардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууда, ошондой эле социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча комиссияларды түзүүдө жана ишин жүзөгө ашырууда кызматкерлердин кызыкчылыктарын тиешелүү кесиптик бирликтер, алардын аймактык уюмдары, кесиптик бирликтердин бирикмелери жана кесиптик бирликтердин аймактык уюмдарынын бирикмелери көрсөтөт. Иш берүүчүлөр, мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялар тарабынан түзүлгөн же каржылануучу органдар тарабынан кызматкерлердин кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылууга жол берилбейт. Кесиптик бирликтер уюмдун кызматкерлеринин кызыкчылыктарын анын башкаруу органдары (башкармалыгы, директорлор кеңеши, байкоочу кеңеш) аркылуу көрсөтүүгө укуктуу. Кесиптик бирликтердин мүчөлөрү болуп саналбаган кызматкерлер иш берүүчү менен өз ара мамилелерде баштапкы кесиптик бирлик уюмунун органына алардын кызыкчылыктарын көрсөтүүгө келишимдик шарттарда ыйгарым укук берүүгө укуктуу. (КР 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1280/st-142" title="142-статья - Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>