# 12-статья. Тармактык жана аймактык комиссиялардын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1280)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 25-июлундагы N 154 "Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1280/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1226/edition/1246112/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1280/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө, 12-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1280/st-12

---

Тармактык жана аймактык комиссиялардын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

- тармактык жана аймактык деңгээлдерде социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу жана тараптардын кызыкчылыктарын макулдашуу;

- социалдык жана экономикалык саясаттын негизги багыттары боюнча тараптардын көз караштарын макулдашуу;

- өзүнүн жыйналыштарында социалдык-эмгектик мамилелер жаатында макулдашылган саясатты жүргүзүү проблемаларын кароо;

- тармактык жана аймактык макулдашуулардын долбоорлорун иштеп чыгууда, аталган макулдашууларды ишке ашырууда, ошондой эле комиссиянын чечимдерин аткарууда мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын, иш берүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин бирикмелеринин кызыкчылыктарын макулдашуу;

- аткаруу бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, иш берүүчүлөрдөн жана (же) кызматкерлердин өкүлдөрүнөн түзүлүп жаткан жана түзүлгөн макулдашуулар жөнүндө маалыматты суратып алуу;

- окумуштууларды жана адистерди тартуу менен жумушчу топторун түзүү;

- тармактык жана аймактык комиссиялардын жыйналыштарына тиешелүүлүгүнө жараша аткаруу бийлигинин борбордук жана жергиликтүү органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин кызматкерлерин, ошондой эле көз каранды эмес эксперттерди чакыруу;

- тармактык жана аймактык комиссиялар тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө мамлекеттик аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, иш берүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин өкүлдөрүнүн кароосу жана аткаруусу үчүн милдеттүү болгон биргелешкен чечимдерди кабыл алуу жана өзүнүн чечимдеринин аткарылышына контролдук жүргүзүү;

- социалдык жана эмгек мамилелери жана социалдык өнөктөштүк маселелери боюнча эл аралык, республикалык, региондор аралык кеңешмелерди, конференцияларды, конгресстерди, семинарларды өткөрүүгө катышуу.

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1280/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1280/st-13)
