# 11-статья. Аймактык деңгээлдеги социалдык өнөктөштүктү уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1280)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 25-июлундагы N 154 "Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1280/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1226/edition/1246112/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1280/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө, 11-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1280/st-11

---

Аймактык деңгээлдеги социалдык өнөктөштүк социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча областтык, шаардык, райондук комиссиялар тарабынан жүзөгө ашырылат. Аймактык деңгээлде тараптардын мамилелерин жөнгө салуунун жүйөсү болуп ар бир региондун өзгөчөлүктөрүнө байланышкан социалдык-эмгектик мамилелер, турмуш-тиричилик шарттары, кепилдиктер жана жеңилдиктер саналат. Аймактык комиссиялар социалдык өнөктөштүк тараптарынын төмөнкүдөй талаптарынын: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (органдарынын) же мамлекеттик аткаруу бийлик органынын, кесиптик бирликтердин жана иш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин же аларды координациялоочу органдын сунуштамасы боюнча теңдештик негизде түзүлөт жана комиссиялар тарабынан бекитилген жоболордун негизинде иштейт.

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1280/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1280/st-12)
